Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоону бүтүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун тармактык комитет жактырды
Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 24-февралда Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоону каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карады.
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун билдиришинче, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого (оңдоо иштери 2013-жылы башталган) аталган банк 55 миллион доллар бөлгөн. Иштердин негизги көлөмүн 2015-жылы бүтүрүү пландалган, бирок бийик тоолуу аймактагы катаал шартты эске алганда жана жолдун сапаттуу курулушу үчүн кошумча иштерди аткаруу сунушу киргизилгени айтылды.
Мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

