“Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын директоруна издөө жарыяланды
“Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын директоруна издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын ноябрь айында аталган ишкананын директору К.Б.Кыдыкбаевге “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “ТМ 1000/10 үлгүсүндөгү иштеп жаткан төрт трансформаторду керектен чыгарып, 1 миллион 220 миң сомго сатып жиберген” деп айыпталууда. Учурда Кыдыкбаев тергөөдөн качып жүргөндүктөн, ага сыртынан айып тагылып, издөөгө алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.