super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум ратификацияланды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, зайымчы катары кыргыз өлкөсү менен кредитор катары Европа биримдигинин ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине Европа биримдигине Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн меморандумдун, грант жөнүндө макулдашуунун жана кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: