super.kg logo

Токмоктогу түрк лицейинин 57 окуучусу быштактан табылган стафилококктун таякчаларынан ууланган болушу мүмкүн

 

Токмок шаарындагы “Себат” түрк лицейинин 57 окуучусу быштактан табылган стафилококктун таякчаларынан ууланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскулов билдирди.

“Буга чейин жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизалардан балдар жеген быштактан стафилококктун таякчалары табылды. Балдар ушундан улам ууланышы мүмкүн. Учурда бул экспертизанын толук жыйынтыгын күтүп жатабыз”,- деди Ш.Рыскулов.

Анын айтымында, учурда балдардын абалы жакшы, ал эми ал күнү ооруканага кайрылган балдар тиешелүү жардамдарды алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Айта кетсек, 20-февраль күнү Токмок шаарындагы Кыргыз-Түрк "Себат" лицейинде 57 окуучу тамак-ашка ууланган. Алардын арасынан өздөрүн начар сезгендер ооруканага жеткирилип, тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн болчу. Тиешелүү текшерүүдө лицей сентябрь айынан бери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун макулдугусуз иштеп келгени белгилүү болгон. 

Маалымат үчүн: Стафилококк таякчасы көпчүлүк учурда булганган кондитер (кремдүү) азыктарды, таттуу быштактарды жана башкаларды жегенден кийин пайда болот. Тамак-ашка стафилококктор көбүнчө чыйкан, теринин ириңдүү оорусу, ангина, ларингит, бронхит жана башка менен жабыркаган кишилерден (ашпозчу, кондитер жана башкалар) жугат. Сүттүн стафилококк микробдору менен булгануусу уйдун эмчегинин ириңдеп, сезгенип оорушунан болушу мүмкүн. Стафилококктон ууланууда оорунун жашыруун мезгили 2-3 сааттан ашпайт. Бейтап өзүн жаман сезип, кемирчектин асты ооруп, окшуп, кусат. Кийинчерээк ич өтөт. Анын жеңил түрүндө эти ысыбайт, оорулуу 1-2 күндө сакаят. Кээде оор түрү кезигет, андай учурда оорулууну тезинен ооруканага жеткирүү зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стафилакок деген эмне вирус! Менда орусияда, анализ тапшырып отпой калгам?
25.02.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жактагы лицейдин окуучулары,эшектин этинен жеп алышып ууланып калышбадыбы?текшерип коруу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: