super.kg logo

LG компаниясы жаңы OLED жана ULTRA HD телевизорлору менен кошо алдынкы аудиосистемдерин коомчулукка көрсөттү

 
Экраны ийилген OLED, диагоналы 40тан 105 дюймга жеткен ULTRA HD 4К телевизорлору жана Smart Audio алдыңкы аудиосистемдеринин DJ-эффекттери, X-Boom жаңыланган минисистемдери.
LG компаниясы жаңы OLED жана ULTRA HD телевизорлору менен кошо алдыңкы аудиосистемдерин коомчулукка көрсөттү.
Москвада бүгүн, 25-февралда LG компаниясы 2015-жылдагы техникалардын моделдерин тартуулады. Анда жаңы, экраны ийилген OLED, диагоналы 40тан 105 дюймга жеткен ULTRA HD 4К телевизорлорун көрсөттү. Алардын катарында Full HD Cinema 3D телевизорунун жаңыланган модели Smart Audio алдынкы аудиосистемдеринин DJ-эффекттери, X-Boom жаңыланган минисистемдеринин жардамы менен коомчулукка тааныштырылды. Техникалардын жаңы линиясын иштеп чыгууда LG компаниясы сүрөттөлүштү сапаттуу көрсөтүүгө, пайдалануудагы ыңгайлуулукка жана дизайнына өзгөчө көңүл бурган. Бул болсо продукцияны электрондук жана тиричилик техникаларынын арасында лидер кыла алат. 

Экраны ийилген, 55, 65 жана 77 дюйм диагоналдуу OLED-телевизорун көрсөтүү менен LG компаниясы керектөөчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүнүн суроо-талабына жооп бере алган жалгыз компания экенин дагы бир жолу далилдеди.

Optimized True Color технологиясы сүрөттөлүштөгү ашыкча жарыктыкка карабай түстөрдүн бир калыпта чагылдырылышын көзөмөлдөйт. Мында табигый түстөр көрүүчүгө ыракаттануу тартуулайт. LG`нин OLED-телевизорлору үн жаатында эксперт деп саналган harman/kardon® менен биргеликте иштеп чыккан көп каналдуу аудиосистем менен жабдылган.

Ultra HD 4K форматындагы телевизорлордун ColorPrime™ сериясы да коомчулукка тааныштырылды. Бул жаңыланган модель түстөрдү көрсөтүүдөгү тактык жана өңдөрдүн көптүгү менен айырмаланат.

LG`нин Ultra HD 4К телевизорлору IPS панелдери менен жабдылган. Ал түстөрдүн табигыйлуулугун максималдуу сактайт. 

2015-жылы чыгарылган OLED жана Ultra HD телевизорлору колдонууда ыңгайлуу жана жөнөкөй болгон webOS 2.0 системи менен иштейт. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.02.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча турат экен?
26.02.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
клаасссно!!!
26.02.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы фирма
26.02.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстан эми HDге аран жетиштик. Full HD дагы 5 жылдан кийин жетебиз. super.kg HD расширенияга качан жетесинер???
26.02.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы канча экен? чон залдын коркун ачат экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: