super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Кыргыз жеринин чек ара көйгөйүн чечүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 25-февралда парламент жыйынында мамлекеттик чек ара жөнүндөгү түшүнүктү азыркы учурдун талабын эске алуу менен тактап чыгуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, бир катар ченемдик-укуктук акттар жана эл аралык келишимдердин кабыл алынышы менен азыр чек ара түшүнүгү кыйла кеңейгендиктен, буга чейин колдонулуп келаткан мыйзамдын концепциясын жаңыртууга туура келди.

Депутат Исмаил Исаков ушу тапта чектеш мамлекеттер чек ара саясаты боюнча бирдей стандартка түшүү аракетин жасап жатканын кошумчалады. "Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал кыргыз жеринин аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек арасынын бузулгустугун сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө кызмат кылат",- деди Исаков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: