super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн парламент букмекердик кеңселердин иштешине тыюу салуу же салбоо чечимин кабыл алат

 

Бүгүн, 25-февралда парламент жыйынында букмекердик кеңселер менен тотализаторлорго тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Букмекерлер менен тотализаторлор кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын, баарынан мурда инсандык сапаттары калыптана элек жаштардын адеп-ахлактык жана психологиялык абалына терс таасир көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн негизи болуп кызмат кылууда. Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр оюн-зоок салондору менен автоматтарынын кызматтарынан пайдаланган адамдардын негизги массасын түзөт",- деди мыйзам долбоорунун демилгечиси Төрөбай Зулпукаров.

Долбоордун маалымат-негиздемесине таянсак, “түйүн ичиндеги казино”, “казинонун кассасы” деген түшүнүктөр жок болгондуктан жана “оюн автоматына” так аныктама берилбегендиктен, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кумар оюн иш-аракеттеринин бетин ачуу жана бөгөт коюу татаалдаштырылгандыгы айтылган. Мындан улам “кумар оюн иши”, “кумар оюн жайлары”, “кумар оюну”, “оюн автоматы” деген түшүнүктөр мыйзам долбоору аркылуу киргизилип, ошондой эле “аппараттык-программалык комплекс”, “электрондук (виртуалдык) казино”, “компьютердик симуляторлор”, “түйүн ичиндеги казино” жана “казино же оюн автоматтар залынын кассасы” деген негизги жаңы түшүнүктөр менен толуктоо зарылчылыгы келип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: