super.kg logo
  Саясат  

Коомдук активисттер Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдиновдун жоопкерчилигин кароону талап кылышты

 

“Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов Апрель баатырларынын атын жамынып, коррупциялык иштерди жасап жатат”,- деп билдиришти “Апрель баатырлары” уюмунун мүчөлөрү 25-февралда өткөн маалымат жыйынында. Алардын айтымдарында, 2012-жылы Зурдинов Медициналык академияга 25ке жакын абитуриентти (ред. өзүнүн туугандары экени айтылды) "Апрель баатырларынын балдары" деп кабыл алган. “Анткени өкмөт 2010-жылы “Апрель баатырларынын балдары жогорку окуу жайларына акысыз кире алышат” деген токтом кабыл алыптыр, бирок биздин ал токтом боюнча кабарыбыз жок болгон. Мындан ректор Зурдинов менен мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков пайдаланып, жакындарын окууга киргизип коюшкан. Бул факт боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, иш белгисиз себептерден улам ачыкка чыкпай жатат. Ушул маселенин кайра каралуусун талап кылабыз жана президент Алмазбек Атамбаевден бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз”,- дешти уюмдун өкүлдөрү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: