super.kg logo

Жугуштуу оорулар ооруканасы үчүн 200 орундуу имарат курулат

 

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиев 200 орундуу имарат курулары тууралуу SUPER.KG порталына билдирди. 

"Оорукана үчүн 200 орундуу жаңы имараттын долбоору былтыр түзүлүп, даяр болгон. Учурда ага каражат издеп жатабыз, тапсак эле курулуш башталат. Оорукана 1950-жылы салынган жана 400 орундуу. Азыркы талап боюнча 600 орундуу болсо жетиштүү болмок. Андыктан палаталар жетишпей, бейтаптар көптөн жатып калышууда. Айыгып калгандарынын үстүнө жаңы келгендер жаткырылып, айыгып калгандарына жаңылардан кайра оору жугуу коркунучу жаралып жатат. Кызамык илдети каптагандан бери орундар жетпей, бейтаптар коридорго чейин жатып калууда. Ушундай себептерден улам жаңы имарат куруу зарылчылыгы эчак эле келип чыккан. Аны тургузуу үчүн каражат табуу максатында донорлорго кайрылып жатабыз. Жетиштүү каражат табылса эле курулуш башталат",- деди Г.Аалиев.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы ооруканага 65 900 адам түрдүү жугуштуу оорулар менен келип, дарыланып чыккан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.02.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: