super.kg logo
  Саясат  

Унду байытуу талаптарын бузгандарга чара көрүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында унду байытуунун эрежелерин бузгандарга административдик чара көрүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Долбоордун негиздеме-маалым катына таянсак, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы нандан алынат. Ал эми нанды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.

Мыйзамдын долбоорунда унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелерге жеткирүү, байытылбаган унду сатып-өткөрүүгө жол бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: