super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү демилгесине каршы чыгышууда

 
Бүгүн, 25-февралда депутаттар Максат Сабиров, Данияр Тербишалиев, Мирлан Бакиров жана башкалар парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгышты.
Алардын айтымында, шайлоодо бир да партия аталган босогодон өтө албай калышы мүмкүн. Мындан улам алар 7 пайыздык босогону калтырып коюуну сунушташууда. Депутат Бакыт Төрөбаев демилгени бийликти узурпациялоо аракети деп атады. "10 пайыздык босого - бул жаш партияларга бөгөт коюу",- деди Төрөбеков.
Мыйзам долбоорунун автору Феликс Кулов нааразычылыктарга төмөнкүдөй жооп берди: "Эгер шайлоодо бир эле партия 10 пайыздык босогодон өтсө, андан кийинки көп добуш алган үч партия да мандатка ээ боло алат. Демек, парламент төрттөн кем эмес партиядан түзүлөт. 10 пайыздык босогодон өткөн партия парламентте 65 мандатка ээ болот, калган 55 мандатты үч партия бөлүп алышат. Эгер 10 пайыздык чектен 2 партия өтсө, алар 65 мандатты бөлүп алышат. Парламентте төрттөн кем эмес партиянын болушу - көп партиялуу системди өнүктүрүү жолу".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: