Эшек этин экспорттогон ишкананын башчысы: "Эшек эти өлкө аймагына таратылбайт"

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйынында "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев ишкана 2006-жылдан бери иштеп келе жатканын жана буга чейин 605 эшек союлганын айтып: "Менин ишканам тиешелүү нормаларга жооп берет. Бардык мекемелер бул тууралуу билишет. Мен мыйзамдуу иштейм. Эт өлкө аймагына таратылбайт",- деди.
Эске салсак, кечээ Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жаратты.
Укук коргоо органдары бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарласа, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жогорудагы окуяга катыштыгы барларга чара көрүлүшү керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

эми ишеничтуу жерден гана тамак жейбиз.
Мазактоого тыюу салынат.