super.kg logo

Кырсыктардын алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштери дин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлөт

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен кырсыктардын алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүнү макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-февраль күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта министр Боронов ислам дини адамдарды бири-бирине жамандык кылбоого, зыянын тийгизбөөгө, колунан келсе жардам берүүгө чакыра тургандыгын эске салып, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгына, азирети муфтийге атайын кат жөнөткөндүгүн айтты.

“Биз 2012-жылы республиканын аймагында дин кызматкерлери менен биргеликте калкка кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Элге дин ишмерлери аркылуу кайрылуу таасирдүү жана жеткиликтүү боло тургандыгын көрдүк. Быйыл да ошол жөрөлгөнү улантып, сиздер менен иштешүүнү туура көрүүдөбүз. Бул багыттагы ишибиздин максаты бир экендигин туура түшүнүп, бизге колдоо көрсөтөсүздөр деген ишеничтемин”,- деди министр Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде Убайдулла ажы Сарыбаев: “Калктын кызыкчылыгы, коопсуздугу, бейпил жашоосу үчүн биз сиздерге колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Ош шаарынын аймагында эле эмес, башка аймактарга да барып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: