Эшек союлуучу ишканада отузга жакын адам эмгектенет



Эшек союучу ишканада отузга жакын адам иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Ишканада эшек сойгон 12 жумушчу иштейт. Анын ичеги-карындарын 4 адам жууп-тазалайт. Андан сырткары 12 адам эшектерди түштүктөн жана Чүй облусунан алып келүү менен алектенет. 2 жүк ташуучу бар. Мындан башка да жумушчулар бар",- дейт А.Такырбашев.
Анын айтымына караганда,
эшектерди союп сатуу бизнесинде эч кандай таштанды чыкпайт. Эшектин ичеги-карындары
жана бардык мүчөлөрү чет жакка сатыкка чыгарылат. Ошондой эле аталган ишкана түрк фирмасынан 2,5 миңге жакын эшекке буйрутма алганын кошумчалады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, союлган эшектердин эттерин түрк фирмасы Гонконгго жеткирмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Бир эле билдирүүнү кайталап жаза берүүнүн кажети жок.