super.kg logo

Ысык-Көл. Балыкчыга этнографиялык комплекс куруу боюнча долбоорлор каралууда

 

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн түптөө, облуста туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчы шаарындагы экологиялык посттун тегерегинде этнографиялык тарыхый-мемориалдык туристтик комплекс куруу иштери боюнча тескеме жарыяланган. Ага ылайык, облустун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына 11 долбоор сунушталды. Бул тууралуу 25-февралда Гүлбарчын Молдоева билдирди. 

Алар менен таанышып чыккан өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев этнографиялык тарыхый-мемориалдык комплексинин долбоорун иштеп чыккан авторлордун иштерин баалоо боюнча атайын комиссия курамы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле жалпы коомчулукта талкууга алынып, тандалып алынган комплексти курууда кетүүчү акча каражаты аныкталып, курулуш иштери башталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.02.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болмок. Ушу Балыкчы сыяктуу чакан шаарларга такыр көңүл бөлүнбөй, каралбай жаткандай сезилчү эле... Буларга да мезгил жеткен окшойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: