Жумушка кабыл алууда адамдын дене-боюна тийиштүү талаптарды алып салуу демилгеси парламентте 1-окууда колдоо тапты
Бүгүн, 25-февралда парламент жыйынында жумушка орношууда адамдын дене-бой белгилери (жаш, бой, салмак, майыптык, чачтын түсү жана башкалар) боюнча талаптарды алып салуу тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды. Долбоорго ылайык, жумушчуларды кабыл алууга жарыя берүүдө аталган белгилер боюнча чектөөлөрдү киргизгендерге карата административдик чара көрүлмөкчү.
Автор: Нургазы Аматов
Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулу буга чейин мыйзам долбоору боюнча буларды айткан эле:
"Жеке ишканалар жумушчуларга сынак жарыялап, түрдүү чектөөлөрдү киргизишүүдө. Мисалы, 40-45 жаштагы тажрыйбалуу айымды жумушка алуунун ордуна 18 жаштагы келбети гана татыктуу, бирок тажрыйбасы жок кыздарды алып жатышат. Жумушка орношууда эч кандай дискриминация болбошу керек".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

