super.kg logo
  Саясат  

Германиянын кыргыз өлкөсүнө 38 миллион евро бөлүүсүнө байланыштуу келишимди парламент 3 окууда кабыл алды

 

Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, 3 окууда кабыл алынды.

Келишим долбооруна ылайык, Германия 38 миллион евро көлөмүндө грант бөлмөк, 15 миллион евро – техникалык жардам, 23 миллион евро – каржылык кызматташтык. Макулдашууда кыргыз тараптын кандайдыр бир милдеттенмелери каралган эмес.

Кыргыз өкмөтү тарабынан 23 миллион еврого төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууга тийиш: каржы тармагын өнүктүрүү – 9 миллион евро, энеликти жана баланы коргоо – 2 миллион евро, кургак учук менен күрөшүү – 2 миллион евро, саламаттыкты сактоо – 6 миллион евро.

Ал эми 15 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык жардам төмөнкү багыттарга жумшалмакчы: Жарандык коом менен кызматташууда ишке ашырылуучу айыл региондорунда өнүктүрүүнүн долбоорлору үчүн фонд – 3 миллион евро, Туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү программасы – 4,6 миллион евро, кесиптик билим берүү жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүү – 7,4 миллион евро.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: