Казакстанда 26-апрелде мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өтөт

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо быйылкы жылдын 26-апрелине дайындалганын улуттук телеберүүдө расмий түрдө жарыялады.
Анын айтымында, президенттик шайлоону жылдыруунун себеби 2016-жылы парламенттик шайлоонун мөөнөтү менен бир убакытка дал келип калгандыгында байланыштуу. Буга Казакстандын Конституциясы тыюу салат.
"Менин президенттик мөөнөтүм 2016-жылы аяктайт. Эл эки сунушун айтып жатат. Биринчиси - мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоону өткөрүү, экинчиси - президенттин ыйгарым укуктарын узартуу боюнча референдум өткөрүү. Экөө тең иш жүзүнө аша турган сунуш. Конституциянын талаптарына жооп берүү үчүн шайлоону өткөрүү туура деп эсептейм",- деди президент.
Мындан тышкары ал өзүнүн талапкерлигин коюу боюнча чечимге келе электигин баса белгиледи.
Айта кетсек, Н.Назарбаев Казакстанды 1990-жылдан бери башкарып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

