Бүгүн Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат
Бүгүн Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам Балыкчы шаарынан чыккан артиллериялык топ бүгүн Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолуна жөнөп кетти. Кар көчкүлөрүн атып түшүрүп жаткан сааттарда унаа жолдору убактылуу жабык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.