super.kg logo

Салыкчылар борбордогу бардык кинотеатрларда ай сайын 2 миллион сом салыктын азайтылып жатканын аныкташты

 

Мамлекеттик салык кызматы рейддин жүрүшүндө Бишкектеги алты кинотеатрда төлөнчү сатык салыгынан эле ай сайын 2 миллион сом азайтылып жатканын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 26-февраль күнү мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүгө “Космопарк”, “Россия”, “Ала-Тоо”, “Манас”, “Октябрь” жана “Бишкек-Парк” кинотеатрлары, ошондой эле экономикалык ишмердиктерин кинотеатрлардын ичинде жана жанында ишке ашырышкан ишкер субъекттери туш болушту.

Рейддин учурунда айрым кинотеатрларда көзөмөлдүк-кассалык машиналарды колдонбогон фактылар чыккан жана кассадан ашык акчалар табылган. Бул толук салык салуудан качуу тобокелдиги бар экендигин билдирет.

Ошондой эле “Россия” кинотеатрынын 2-кабатында экзотикалык жаныбарларды көрсөтүү ишке ашырылууда, буга кирүү билеттери салык органдарында катталган эмес жана ККМди колдонбостон сатылып жатат. Райондук салык органдары тарабынан берилген патент жүргүзүп жаткан ишмердиктерине иш жүзүндө туура келбейт.

Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов салык органдарына жогоруда аталган ишкер субъекттерине көзөмөлдү күчөтүүнү буйруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: