Чүйдөгү жол кырсыгынан эки айдоочу тең жаракат алышты
Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки айдоочу ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаа Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада эки унаанын айдоочулары ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткиришти. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.