Орусиядагы кыргыз мигранттарын орус тили, Орусиянын тарыхы боюнча сынактардан бошотуу сунушуна өкмөт пикир билдире элек
Кыргыз өкмөтү Орусиядагы кыргыз мигранттарын орус тили, Орусиянын тарыхы боюнча сынактардан бошотуу боюнча кандай иш жүргүзгөндүгү тууралуу жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, өкмөт тезинен бул маселеге көңүл бурушу керек.
Автор: Нургазы Аматов
Эскерте кетсек, 19-февралда аталган депутат Орусиядагы кыргыз өлкөсүнүн мигранттарын Орусиянын тарыхы жана орус тили боюнча сынактан бошотууну сунуштаган. "Май айында биз Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз. Орусия биздин мекендештерибизге көмөк көрсөтсө болмок. Премьер-министр, Тышкы иштер министрлиги аркылуу бул мамлекеттен ушуну сурануу керек",- деген депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
3

