super.kg logo
  Саясат  

Парламент депутаттары өлкөдөгү орусча аталыштагы айылдарды кыргызчага которууну сунушташты

 

Бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Нуркамил Мадалиев кыргыз жериндеги орусча аталыштагы жер-суу аттарын өзгөртүү маселесин көтөрдү. 

"Кыргыз-орус мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер мындан ары да достук маанайда уланышы керек. Бирок достук мамиле биз тараптан жасалган "уступка" менен гана болбошу шарт. Жер-суу аттарынын кыргыз тилинде гана болгону туура. Орусча аталыштагы айылдарды кыргызчага которсок, орустар капа деле болбосо керек. Мисалы, Ак-Суу айылын Беловодск деп жүрөбүз, Теплоключенка деген жер бар. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов "бул маселени карашыбыз керек, бирок азыр эмес" деп маалымат бериптир же бул ишти саясатташтырып жатат. Жер-суу аттарын өзгөртүү - биздин милдетибиз",- деди депутат.

Мындан тышкары депутат өлкөдө чет мамлекеттердин аталыштарын да бир системге келтирүү зарылдыгын айтты. "Кээде Япония, кээде Жапония же Орусия жана Россия деп колдонулууда. Өкмөт же аталган комиссия тиешелүү чечим чыгарып, тилдин өнүгүшүнө салым кошушу керек",- дейт Мадалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: