Депутаттар ЖЭБ-2 конушундагы 5200 жарандын каттоого байланышкан көйгөйүн чечүүнү сунушташты
Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутаттар Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 конушунда жашаган 865 үй-бүлөнүн көйгөйүн айтып чыгышты. Депутат Максат Сабиров алардын каттоосу жок экенин айтып, мунун таасири келерки парламенттик шайлоого тийиши мүмкүн экенин билдирди. “Аталган конушта жалпы 5252 адам жашайт, алардын арызын эч ким укпай жатыптыр. Тапшырма бергиле, шаардык администрация аларга көңүл буруп, көйгөйүн чечип берүүгө аракет кылсын”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

