Ош шаардык билим берүү башкармалыгындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
Ош шаардык билим берүү башкармалыгындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан аталган башкармалыктын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анда бюджеттик каражаттарды колдонууда бир катар мыйзам бузуулар катталган. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы берүүдө кошумча акча каражаты негизсиз кошулган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.