"Мындан аркы айлыгымды Ичке-Таш-Рабат каналынын курулушуна берем" дейт депутат Салымбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков мындан аркы айлыгын Ат-Башыдагы Ичке-Таш-Рабат каналынын курулушуна берерин парламенттин 26-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат Нарын облусунун Ат-Башы районунда абал оор экенин айтат.
“Ат-Башыда чөп чыкпай, чий басып калды. Карышкыр күчөдү, тоют жетишсиз. Мындан 5-6 жыл мурда Кында тараптагы көпүрөнү суу алып кеткендиктен, малдын дагы, калктын дагы абалы оор. Эгер Ичке-Таш-Рабат суусу канал аркылуу бурулуп келинсе, кошумча 4 миң гектар жерге суу жетмек. Өкмөт тараптан жардам берилбесе, каналдын бүтүшү кыйын",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

