super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар жергиликтүү сотторду дайындады

 

11-февралда президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жана айрымдарынын ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Кол коюлган жарлыкка ылайык, Жогорку соттун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу Анархан Базаралиева, Болотбек Батыралиев, Памирдин  Жумагулов, Айнаш Токбаева кызматтарынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, судьялар Балагазы кызы Аиданын, Кымбат  Архарованын, Эрланбек Токтосуновдун ыйгарым укуктары узартылды. Мамлекет башчысынын үчүнчү жарлыгына ылайык, жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу Балагазы кызы Аида - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы болуп, Кымбат Архарова - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы, Эрланбек Токтосунов - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы болуп дайындалышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: