super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкөнүн олимпиадалык курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдана баштады

 

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2016-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгын баштады. КРнын Футбол федерациясы маалымдагандай, курамга 27 жаш футболчу кирген.

Даярдыктын алкагында олимпиадалык курама 27-28-февраль күндөрү Алматы шаарында казакстандык “Кайрат-2” жана ЦСКА клубдары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. 9-мартка чейин футболчулар Бишкекте даярданышат. Андан соң олимпиадалык курам Түркияда машыгуу сборун өткөрөт.

Курамга кирген оюнчулар: Алыбеков Дастан (“Живое пиво” клубу), Ахматалиев Мирбек (“Алга”), Баратов Давлятжан (“Наше пиво”), Боколеев Абай (“Ала-Тоо”), Дуванаев Бекмырза (“Алай”), Дүйшөбеков Бахтияр (“Абдыш-Ата”), Жыргалбек уулу Кайрат (“Дордой”), Карипов Манас (“Абдыш-Ата”), Козубаев Тамирлан (“Дордой”), Көлбаев Кайрат (“Ала-Тоо”), Кудайбердиев Мирбек (“Абдыш-Ата”), Момунов Султан (“Абдыш-Ата”), Мусабеков Фархат (“Абдыш-Ата”), Найденов Егор (“Дордой”), Оморов Илим (“Алга”), Откеев Авазбек (“Дордой”), Сагынбаев Бекжан (“Дордой”), Салиев Оскар (“Алга-2”), Сардарбеков Эльдияр (“Наше пиво”), Ситоленко Андрей (“SV Emsdorf”, Германия), Сокирченко Данил (“Живое пиво”), Темирбаев Элхан (“Дордой”), Умаров Акрам (“Абдыш-Ата”), Шаршеев Санжар (“Дордой”), Шикин Андрей (“Наше пиво”), Эшимов Кудайберген (“Абдыш-Ата”), Юсупов Мустафа (“Ала-Тоо”)

Башкы машыктыруучу: Эшенов Мирлан 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахстанда Оюн болгон күнү кабарлап турсаңыздар оюн жыйынтыгын. Урматту супер-инфо!
27.02.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн олимпиадалык курамыбыз ойнойбу админ? Оюн жыйынтыгын кабарлап турсаңыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: