"Кумтөрдүн" 2014-жылкы кирешеси 110 миллион доллар экени айтылды
"Кумтөр" ишканасынын 2014-жылкы кирешеси 110 миллион доллар. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 26-февралдагы жыйынында билдирди. Өкмөт жетекчиси "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын, жетишкендиктер жана кемчиликтер бар экенин айтты. "Каржылык-экономикалык маселелер боюнча макулдаштык. Ишканадан 2014-жылы түшкөн 110 миллион доллар өлчөмүндөгү киреше 50х50 пайыздан бөлүнөт. Мындан тышкары жаңы ишкана ачык акционердик коом болуп түзүлөт. Ал эми экология жаатындагы айрым талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек, бирок 52 миллион доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу корун түзүү маселеси макулдашылды",- деди премьер.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















