super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов: "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзүлсө, кыргыз тарап жылына 60-120 миллион доллар алып турат"

 

Бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында өкмөт "Кумтөр" долбооруна байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берүүдө.

"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов "Кумтөрдүн" Директорлор кеңеши учурда 11 адамдан түзүлүп, алардын үчөөсү гана кыргыз тараптын өкүлү экенин билдирди. "Мындан улам кыргыз тарап Директорлор кеңеши чечим кабыл аларда өз таасирин тийгизе албай жатат. Учурда кыргыз өлкөсү "Кумтөрдүн" акцияларынын 32,75 пайыз үлүшүнө ээ. "Центерра" ишканасы Канадада жайгашкандыктан, бул мамлекеттин мыйзамына баш ийет. Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен иштеген биргелешкен ишкана түзүүнү демилгелеп жатабыз. Башкаруу кеңешин 6 адамдан түзүүнү пландап жатабыз: үчөөсү кыргыз тараптан, үчөөсү канада тараптан. Анда кенди башкарууда кыргыз тарап саясий жана экономикалык чечимдерди кабыл алууда таасир эте алат. Биргелешкен ишкана түзүлгөн соң кыргыз өлкөсүнө жылына 60-120 миллион доллар түшүшү күтүлөт",- деди Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: