super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлиги Жаныш Бакиевди кыргыз жерине кайтарып берүү боюнча Беларусь мамлекетине кайрадан кайрылды

 
Сүрөттө: Жаныш Бакиев, анын ары жагындагы адам - Рустам Сайдуев.
Айбек Абдразаков, 2011-жылы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары издөөгө алынган болчу.
Рустам Сайдуев, 2011-жылы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары издөөгө алынган.
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында болгон Гүлжигит Абилазизов.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жаныш Бакиевди кыргыз жерине кайтарып берүү боюнча Беларусь мамлекетине кайрадан кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Интерпол тарабынан издөөгө алынган КРнын жараны Алманбет Анапияевдин Беларусь мамлекетинде киши колдуу болуп каза болгонуна байланыштуу жана бул иш боюнча күбө катары суракка алынган Гүлжгит Абилазизовдун көрсөтмөсүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Беларусь бийлигинен Жаныш Бакиевди жана башка изделип жаткандарды колго түшүрүп, экстрадициялоо боюнча кайрылган. 
Эске салсак, 18-февралда Беларусь ММКлары Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берипАнапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: