Депутаттар өкмөттү отставкага кетирүүнү демилгелешти
Бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Максат Сабиров "Кумтөр" боюнча өкмөттүн бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнө баа берип, өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылды. "Өкмөт 1 жылдан бери "Кумтөр" маселеси боюнча бир чечимге келе элек. Мындан улам ага канааттандырарлык эмес баа беребиз",- деди Сабиров.
Мындай сунушту депутат Анарбек Калматов да колдой турганын билдирди. "Өкмөт маселени чечүүгө 1 ай убакыт сурап жатат, 1 айда эмне өзгөрөт? Өкмөттү кетирүү маселесин көтөрүүнү сунуштайм, сунушум добуш берүүгө коюлсун",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

