Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго алдамчылык боюнча айып тагылды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго алдамчылык боюнча айып тагылды. Бул тууралуу 26-февралда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алышкандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Кылмыш ишине башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

ошондо Жакшы болот эле эжекебиз билсин жалган жалаа
жаап суракка алган кандай екенин камап
койсо анданда жакшы болот эле.канчасын
куйдурдунор эле силерге эми келген го ошол кундор