Депутаттар "Центерра" 20 жылда 1 миллиард 226 миллион доллар таза киреше тапканына ишенбей турганын айтышты

"Центерра" 1994-жылдан 2014-жылга чейин 1 миллиард 226 миллион доллар таза киреше тапты" деген маалыматка ишенбейм, мен эле эмес башкалардын деле ишениши кыйын",- деп билдирди парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев. Депутатка "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов буларды айтты: "Жыл сайын ишканада тышкы аудит жүргүзүлөт. Ошолордун берген маалыматын айтып жатам, анан кантип силерге башкача маалымат берем? Мен ошол документке ишенем".
Мындан кийин вице-спикер Төрөбай Зулпукаров "сиздин ишенериңизди билдик, бирок депутаттар ишенбейт" деп билдирди.
Айта кетсек, жыйында "Центерра" 20 жыл ичинде 6 миллиард 894 миллион доллар киреше таап, мунун 5 миллиард 668 миллионун кен казуудагы чыгымдарга жумшаганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

