super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөр" боюнча кыргыз тараптын юристтери акысыз иштешүүдө" деди өкмөт башчы

 

"Кумтөр" маселесин чечүүдө биздин балдар (юристтер - ред.) акысыз иштеп жатышат",- деп билдирди 26-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жоомарт ОторбаевАнын айтымында, парламент өкмөткө канчалык катуу басым кылса, өкмөт "Центерра" ишканасына ошончолук басым кылууда. "Маселени чечүүдө, балким, бизге билим жетишпей жатат. "Центерранын" юристтери биздикилерге салыштырмалуу кыйла эле көп акча алышат. Биздин балдар улуттук кызыкчылыкты коргоп бекер иштеп жатышат",- деди премьер-министр.

"Кумтөр" боюнча президент тарабынан саясий колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын белгилеп: "Өлкө башчы бизге компромисттик чечимге келүүнү сунуштоодо. Биз үчүн бул саясий тапшырма",- деп билдирди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: