super.kg logo

Эшек этинин кафе-ресторандарга жайылышына каршы тынч митинг өтөт

 

Жарандардын тобу эшек этинин кафе-ресторандарга жайылышына каршы тынч митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февраль күнү маалымат жыйынында борбордун тургуну Таалайбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, Ак-Жол айылындагы эшектерди сойгон цехтин алдында өтө турган митингге миңге жакын адам катышат. 

“Бизге ошол цехтин ээлери тоңдурулуп, сакталып турган эшектердин эттерин көрсөтүшсүн. Менин оюмча, бул эттер эбак тарап, жок болуп кеткен. Эгер алар өз ордунда болсо, укук коргоо органдарынан ошол малдын этин биздин көзүбүзчө өрттөшүн талап кылабыз. Кыргыздар эч качан эшектин этин жешкен эмес. Куранда да жазылган, адам өлүп бараткан учурда гана эшектин этин бир аз жегенге болот”,- дейт Керималиев.

Маалымат жыйынына Кара-Балта шаарынын жана Ат-Башы районунун тургундары катышышты. Тынчтык митинги эртең Ак-Жол айылындагы эшек союлган ишкананын алдында өтөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусурман эмес нацист адам эшек союп этин элге жедирди акча арам жолу мн тапкан адамдарга жаза барбы бул окуяны уккандан кийин чайхана кафелерден тамак жегим келбей жийиркенип калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: