Эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялардын курулушу менен өлкөбүздөгү эт азыктары экспорттоло баштайт
Бажы союзуна кирүүнүн алкагында курулган эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялардын пайда болушу менен өлкөбүздөгү эт азыктары экспорттоло баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февраль күнү Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздук жана маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди.
Анын айтымында, Бажы союзунун жол картасында жазылган лабораториялар май айларына чейин курулуп бүтүшү керек. Андан ары биздин эт азыктары атайын экспертизадан өткөрүлүп, Бажы союзунун өлкөлөрүнө сатыла баштайт.
“Канча жылдан бери кыргыз өлкөсүнүн эт азыктары чет өлкөгө экспорттолбой келет. Мунун себеби бизде эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялардын жоктугу болчу”,- дейт Асылбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.