Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөткө дагы 1 ай мөөнөт берди

Жогорку Кеңеш 26-февралда "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Өкмөт үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөр 95 пайызга аяктап калганын, 2 маселе боюнча бир пикирге келе албай жатышканын жарыялады. Бул үчүн дагы 1 ай мөөнөт сурады. Депутаттардын көбү бул маселеде өкмөт алсыздык кылып жатканын айтышты. Жыйынтыгында парламенттин токтому кабыл алынды. Токтомдо төмөнкү пункттар бар:
Автор: Автандил Добулбеков
1. "Кумтөр" боюнча парламенттин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын. (Токтомдун бул пунктуна 71 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди).
2. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү 1 айлык мөөнөттө (26-мартка чейин) аяктасын жана "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча келишимдин акыркы долбоорун парламентке сунуштасын. (Бул пунктка 78 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди).
3. Өкмөт 2015-жылдын 16-мартына чейин "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтыруу боюнча мыйзам долбооруна расмий корутунду берсин жана мыйзамды ишке ашырууга байланыштуу тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн. (Бул пунктка 77 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетине жүктөлсүн. (Бул пунктка 79 депутат "макул" деп добуш берди).
Токтомдун өзү 76 депутаттын добушу менен кабыл алынды. Өкмөт 1 айдан кийин парламентке сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Эгер андагы жыйынтык да депутаттарды канааттандырбаса, анда "Кумтөрдү" улутташтыруу процесси башталмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

