Беларуста өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин cөөгү Ош шаарына алынып келинди

Беларуста өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин cөөгү Ош шаарына алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
кошулду
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, анын денесин алып келген учак Ош шаарынын аба майданына бүгүн саат 07:00 чамасында конду. Учурда Анапияевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, 18-февраль күнү "Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин жансыз денеси Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан мууздалган абалда табылган. Анын жанында Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамович аттуу жаранга таандык паспорт да бар болгон.
Эске салсак, А.Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
1

ММКлар да же кыргыздын эр азаматы деп атай албай, же кылмышкер деп атай албай кыйналышты го.