Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Тоң районунда 4 тонна чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тоң районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен короодо жыйылып турган 4 тонна эндей чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Каракол шаарындагы облустук бириккен бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү электр калканы бөлмөсүндө электр зымы чыңалып, зымдын сырткы бети күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.