super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина: "Исламдын радикалдашуусуна чечкиндүү түрдө каршы турушубуз керек"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина баштаган кыргыз өлкөсүнүн делегациясы 24-26-февраль күндөрү Дүйшөмбү шаарында "Аймактык кызматташтык жана чет өлкөлүк согушчан-террористтер сындуу терс көрүнүштөр менен натыйжалуу күрөшүү" деген темадагы семинарга катышты. Делегациянын курамына ИИМ, УКМК жана ЖАМКнын өкүлдөрү кирген.

Карамушкина бул тема улуттук коопсуздуктун эле эмес, жалпы адамзат коопсуздугунун да маселеси болуп санала турганын белгиледи. "Биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы бышып жетилди. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү эл аралык террордун кесепетинен сырткары кала албайт, бирок андай көрүнүштөргө бөгөт коюуга алыбыз жетет. Ал үчүн исламдын радикалдашуу жосундарына бирдиктүү жана чечкиндүү каршы турушубуз керек",- дейт депутат.

Депутат трансулуттук топтор уюшкан түрдө жана максаттуу аракеттенип жатканын белгиледи. "Биз азырынча ушул жагынан утулуштабыз, анткени мыйзамдык база жаатында актай калган жерлер арбын. Сунуштар менен аларды талкуулоо процесси создугуп кетүүдө. Алардын кимиси жалдоочу да, кимиси айдакчы экенин аныктоо далилдери жетишсиз болууда",- деп кошумчалады Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: