Ооганстанда кар көчкү түшүп, 100 адамдын өмүрүн алып кетти
Каргашалуу окуя болгон жер.


Каргашалуу окуя болгон жер.





Учурда аталган аймакта аман калгандарды куткаруу иштери уланууда.

Ооганстандын Панджшер провинциясында (түндүк-чыгышында) эки күн бою катуу жааган кардын кесепетинен 25-февраль күнү бир нече айылга кар көчкү түшүп, 100 адам каза тапты. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көңүл айтты.
Маалыматка ылайык, көчкүнүн астында калып каза тапкандардан сырткары жабыркагандар да бар. Учурда кырсык болгон жерде жергиликтүү куткаруу кызматтары жана Кызыл Жарым Ай коомунун бригадасы аман калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
Айта кетсек, мындан 5 жыл мурун Ооганстандагы стратегиялык Саланг өтмөгүндө кар көчкү түшүп, 170тей адам каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
marmilantka

27.02.2015. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах сабыр берсин жакындарына, жаткан жери жайлуу болсун. Ушуларга жер берип кичинекей 2 ком. болсо да уй салып берип койушса болмок байкуштарга боорцм ооруйт бизди алып кеткиле дейт бир передачадан корсом.
Be_a_hero

27.02.2015. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жактагы кыргыздар эмне болушту экен((
jora.kg

27.02.2015. 23:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым жаман кырсыктардан, апаатынан озу сактасын! Каза болгондордун жайлары жаннаттан болуп,Аллахым оз рахматына алсын амин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.