Депутат: "Өзгөндөгү Төөчү аймагына заманбап тоо-лыжа базасын курууга бизде толук шарт бар"







"Өзгөн районундагы Төөчү аймагына заманбап тоо-лыжа базасын курууга бизде толук шарт бар",- деп билдирди депутат Абдимуктар Маматов 27-февралда SUPER.KG порталына. Демилгечи депутат бул лыжа базасы курулса, республиканын түштүгүнө келүүчү туристтердин саны өсөрүн айтты. "Бул жер деңиз деңгээлинен
2000-2200 метр бийиктикте туруп, кар калың түшүп, Ош, Өзгөн шаарларына эң жакын
жайгашкан жана коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанды өзүнө тарта турган
ыңгайлуу база болуп каларына ишендирип кете алам",- деди Маматов. Депутат жакында эле Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык
саясат комитетинин мүчөлөрү Төөчү аймагын жеринен барып көрүп келгенин кошумчалады. "Депутаттар Төөчү аймагын жана Өзгөн
шаарындагы 11-12-кылымдарга таандык, 1 мунарадан жана 3 күмбөздөн турган Өзгөн
архитектуралык тарыхый комплексин көрүп келишти. Тарыхый комплексти ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине
киргизүүнү сунуш кылып, комитеттин көчмө жыйынында каралып, өкмөткө сунуштарды тез арада чечүү
боюнча ар тараптуу аракеттерди көрүүсүнө багытталган чечими кабыл алынды",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
1

Комментарийлер(3)
danyshman

27.02.2015. 10:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле Тоочу участкасына лыжа база курса эн жакшы болмок.Озу да Ош Озгон Бишкек жолунда.Откондо эле окудум эле,туштук региондо лыжа база жок экен деп.
ularbek89

27.02.2015. 10:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100% мен да кошулам анткени ал жерде Озгон тарыхы, мунарасы да бар
ZAIYR

27.02.2015. 12:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун. Эми айткандан кийин ишке ашырса сонун болот эле. Куто туралычы.)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.