super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги 9 кызматтык бош орунга сынак жарыялады

 
Кыргыз өлкөсүнүн Каржы министрлиги бош мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады. Министрликтен билдиришкендей, төмөнкү кызматтарга кадрлар керек:
Борбордук аппарат боюнча

Коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмү

Бөлүм башчы

Ички аудит бөлүмү

Башкы адис

Бюджеттик саясат башкармалыгы

Бюджеттик пландоо бөлүмү

Бөлүм башчысы

Жетектөөчү адис

Укуктук колдоо башкармалыгы

Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы

Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси

Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгы

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси

Мамлекеттик-жекече өнөктөштүк бөлүмүнүн башкы адиси

Министрликке караштуу ведомстволук бөлүктөр боюнча: 

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти

Директордун орун басары

Сынакка катышуу үчүн талапкер:

- бош орун көрсөтүлгөн жеке арызын;

- кадрларды эсепке алуу боюнча (сүрөтү, байланыш телефондору ж.б. менен) өздүк баракчасын;

- паспортунун көчүрмөсүн (түп нускасын сынакка келгенде көрсөтөт);

- сүрөтү чапталган резюмесин;

- билими жөнүндөгү дипломунун, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (көчүрмөлөрү нотариустан тастыкталууга тийиш);

- ИИМден соттолбогондугу тууралуу маалым катты;

- квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража, илимий наам ж.б. ыйгарылгандыгы тууралуу кошумча маалыматтарды (эгерде бар болсо) берүү зарыл.

Бардык документтер көктөмөгө (дело) тиркелүүгө тийиш.

Документтерди 2015-жылдын 20-марты, саат 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-58, 105-106-бөлмөлөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: