Бишкекте бир катар кафелердин санитардык эрежелерди сактабаганы аныкталып, протокол түзүлдү



Бишкекте бир катар кафелердин санитардык эрежелерди сактабаганы аныкталып, протокол түзүлдү. Эреже бузган коомдук тамактануучу жайлардын жана дүкөндөрдүн катарына “Умар” дүкөнү, “Арабия”, “Бай-Суу” кафелери кирет.
Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, жогоруда аталган жайлардын кызматкерлери таштандыларды аялдаманын тегерек-четине коюп келишкен. Жыйынтыгында Санитардык-экологиялык инспекциясы аталган жайлардын ээлерине Административдик жоопкерчилик кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүп, материалдарды Биринчи Май райондук административдик комиссиясына жөнөтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Altysh_Boldush

27.02.2015. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туштон кийин текшерип журобу? Бишкектегилер эшектин этин тойгондон кийин. Уят эле башка улутар укса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.