Чыныбай Турсунбеков сугат жерлерине 2005-жылдан кийин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырбоо керектигин айтты
Бүгүн, 27-февралда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков 2009-жылга чейинки эмес, 2005-жылга чейин курулган гана үйлөрдү мыйзамдаштырууну сунуштады. "2005-жылдан кийинки кырдаал бизге белгилүү, саясий окуялардан улам айрым жарандар акимдин документи менен жер тилкелерди ээлеп алышкан. Ушундай маселелер көп орун алган. Дагы эле соттошуп жүргөндөр бар",- деди Турсунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















