Американын кыргыз жериндеги элчилигинин алдына активисттер “Бизге элчиликтин кереги жок!” деп митингге чыгышты
Бүгүн, 27-февралда Бишкекте Американын кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдына активисттер митингге чыгышты. “Америка кыргыз өлкөсүнөн колун алсын, биздин ички саясатка аралашпасын!” деген пикирдеги катышуучулардын көбү өз сөздөрүн сүйлөштү.
Өзүн Неля деп тааныштырган катышуучулардын бири төмөнкүлөргө токтолду: “Бизге Американын элчилигинин кереги жок. Буга чейин Америкасыз эле жашап келгенбиз, мындан ары да жашай беребиз. Биз мындан кийин биздин жерибизде согуш болуусуна, төңкөрүш болуусуна жол бербейбиз!”
Ошол эле учурда топтун ичинен түрдүү кыйкырыктар менен өз оюн айткандар болуп жатат. “Америка фашизмди колдоп, Украинада согушту тутандырып жатат. Биз согуштун болуусуна каршыбыз! Украинанын президенти Пётр Порошенко элин шоколад менен камсыздашы керек, согуш менен эмес. Обама Украинага курал берүүнү токтотсун!”- деп жатышат алар.



Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө жол берилбейт.