Польша кыргыз жерине өзүнүн айыл чарба техникаларын сунуштоодо
Экономика министри Темир Сариев Польшанын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Яцек Ключковский менен жолугушуп, элчиге кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык союздагы келечеги тууралуу маалымат берди. Ключковский кыргыз мамлекетинин ЕАЭСке киришин Польша колдой турганын, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтат. Министрликтен билдиришкендей, тараптар польша тарап берген насыяны эффективдүү пайдалануу тууралуу сүйлөшүшкөн. Элчи кыргыз тараптын айыл чарба багытындагы ишкерлерине семинар уюштурууну сунуштап, "Айыл агро" көргөзмөсүнө польшалык техникаларды коюуну демилгеледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

