super.kg logo
  Саясат  

Бишкек-Торугарт жолун оңдоого 15 миллион доллар кошумча акча бөлүү демилгесин "Ар-намыс" фракциясы жактырды

 
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясы 27-февралда Бишкек-Торугарт унаа жолун оңдоого 15,1 миллион доллар көлөмүндө кошумча каржылоо боюнча кыргыз өлкөсү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. 
Айта кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого аталган банк 55 миллион доллар бөлгөн. Иштердин негизги көлөмүн 2015-жылы бүтүрүү пландалган, бирок бийик тоолуу аймактагы катаал шартты эске алганда жана жолдун сапаттуу курулушу үчүн кошумча иштерди аткаруу сунушталган.
Буга чейин аталган мыйзам долбоорун парламенттеги КСДП жана "Ата Журт" фракциялары жактырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: