super.kg logo
  Саясат  

Ошто койдун этинин 1 килограммын 355 сомдон, уйдун этин 345 сомдон ашырбоо чечими чыкты

 
Ош шаарында койдун этинин 1 килограммын 355 сомдон, уйдун этинин килограммын 345 сомдон ашырбоо чечими чыкты. Муну 27-февралда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Мындай чечим агенттиктин Ош шаардык бөлүмү менен Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү биргеликте өткөргөн жыйында кабыл алынган.
"Жыйында негизинен Ош шаарындагы касаптардын керектөөчүлөрдүн укугун бузуу фактылары же сатуучулардын медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүгү жана эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы сакталбандыгы жана башка маселелер каралды. Айтылган кемчиликтерди оңдоого тийиштүү органдарга бир апта убакыт берилди. Койдун этинин 1 килограммын 355 сомдон, уйдун этинин килограммын 345 сомдон сатуу боюнча шаардын вице-мэри Замир Аскаров сунуш кылып, жыйынга катышкан касапчылар жана тийиштүү органдын өкүлдөрү колдоого алышты",- деп билдирди агенттик. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: